Мирзиёев менен Путин Өзбекстанда атомдук электр станциясынын курулушун баштады
Москва менен Ташкент 4-июнда Өзбекстанда атомдук электр станциясынын биринчи энергоблогунун курулушу башталганын жарыялашты Курулушту Орусиянын президенти Владимир Путин менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Санкт-Петербургдан алыстан баштаган. Саясатчылардын сүйлөшүүлөрү Санкт-Петербургда

Москва менен Ташкент 4-июнда Өзбекстанда атомдук электр станциясынын биринчи энергоблогунун курулушу башталганын жарыялашты Курулушту Орусиянын президенти Владимир Путин менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Санкт-Петербургдан алыстан баштаган. Саясатчылардын сүйлөшүүлөрү Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумдун алкагында өтүүдө Салтанатка Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин башкы директору Рафаэль Гросси да катышты Долбоор Өзбекстандын Жиззак облусунда ишке ашырылып жатат жана өлкөдөгү электр энергиясына болгон суроо-талаптын жогорулашына жооп катары көрсөтүлүүдө: келечектеги станция, Владимир Путиндин айтымында, Өзбекстандын электр энергиясына болгон муктаждыгынын 15 пайызга жакынын жаба алат Долбоор ар биринин кубаттуулугу 1000 мегаваттка жакын эки чоң энергоблокту жана болжол менен 55 мегаватт болгон эки чакан модулдук реакторду камтыйт. Долбоордун башкы подрядчысы «Росатом» ААК «Атомстройэкспорт» болуп саналат. Путиндин айтымында, Орусия Өзбекстанга жеңилдетилген экспорттук насыя берет жана "станциянын бүткүл жашоо циклинде колдоо көрсөтөт" Буга чейин Узатомдун директору Азим Ахмедхаджаев долбоордун жалпы баасы 9,5 миллиард доллар экенин билдирген Орусия Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө да өзөктүк долбоорлорду илгерилетүүдө. Өткөн айда Москва Казакстан менен биринчи атомдук электр станциясын куруу боюнча келишимге кол койгон. Буга чейин Кыргызстанда чакан атомдук электр станциясын курууга орусиялык компаниялар да кызыгып келишкен Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон


