16-июнга карата мунайдын дүйнөлүк баасы
16-июнга карата эртең менен Brent мунайынын баасы баррелине 82,94 долларды түздү. Америкалык WTI мунайынын баррели 80,70 доллардан, орусиялык Urals 72,55 доллардан сатылды Бир күн мурун Brent баасы дээрлик 3,9% жоготуп, баррелине 84 долларга чейин төмөндөгөн Буга чейин АКШ менен Иран тынчтык кел

16-июнга карата эртең менен Brent мунайынын баасы баррелине 82,94 долларды түздү. Америкалык WTI мунайынын баррели 80,70 доллардан, орусиялык Urals 72,55 доллардан сатылды Бир күн мурун Brent баасы дээрлик 3,9% жоготуп, баррелине 84 долларга чейин төмөндөгөн Буга чейин АКШ менен Иран тынчтык келишими боюнча келишимге жетишкени кабарланган. Тынчтык келишимине расмий кол коюу аземи 19-июнда Швейцарияда болушу мүмкүн Эки өлкөнүн ортосундагы тынчтык келишими Ормуз кысыгынын ачылышына жана дүйнөлүк рынокто чийки заттын көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн деп болжолдонууда АКШ менен Ирандын ортосундагы ок атышпоо келишими буга чейин БУУнун колдоосуна ээ болгон Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев да Вашингтон менен Тегерандын ортосунда жетишилген макулдашууларды кубаттады Саясий билдирүүлөрдөн кийин мунайдын баасынын кескин төмөндөшүнө карабастан, эксперттер рынокто белгисиздик сакталып жатканын белгилешүүдө


