Саламаттыкты сактоо министрлиги: Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасын жаңылоого 175 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү
Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы инфраструктурасын жана материалдык-техникалык базасын акырындык менен жаңылоону улантууда. Мекеменин жетекчилиги жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштери жана жаш оорулууларга медициналык жардам көрсөтүү шарттарын жакшыртуу чаралары тууралуу айтып берди 2025-жы

Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы инфраструктурасын жана материалдык-техникалык базасын акырындык менен жаңылоону улантууда. Мекеменин жетекчилиги жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштери жана жаш оорулууларга медициналык жардам көрсөтүү шарттарын жакшыртуу чаралары тууралуу айтып берди 2025-жылы ооруканада No1 хирургия бөлүмү, көз жана неврология бөлүмдөрү, ошондой эле травматология бөлүмү капиталдык оңдоодон өткөн. Мындан тышкары имараттын фасаддык иштери бүткөрүлүп, лифт алмаштырылып, консультациялык-диагностикалык бөлүмү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 39 миллион сомдон ашык каражатты тузду Мекемени модернизациялоо иштери быйыл да уланууда. 2026-жылы No2 хирургия бөлүмүндө, кыска мөөнөттүү стационардык бөлүмдө жана кардиология бөлүмүндө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул иш-чараларды ишке ашырууга 98 миллион сомдон ашык бюджеттик каражат каралган. Оорукана жетекчилигинин айтымында, оңдоо иштери акыркы баскычта Инфраструктураны жаңылоо менен бир убакта мекеменин материалдык-техникалык базасы чыңдалууда. 2026-жылы ооруканага 38 миллион сомдон ашык заманбап медициналык жабдуулар сатылып алынган Сатып алынган жабдуулардын курамына рентгендик көзөмөл астында хирургиялык кийлигишүү үчүн С-колу, офтальмологиялык микроскоп, өпкөнү жасалма желдетүү жана CPAP терапиясы аппараттары, жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн инкубаторлор, ЛОР-эндоскопиялык стенд, травматологиялык жана хирургиялык инструменттердин комплекттери, ЛОР аппараттары жана башка керектүү жабдуулар бар Жүргүзүлүп жаткан модернизациялоо өлкөнүн түштүк аймактарындагы балдарга адистештирилген медициналык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, бейтаптар жана медицина кызматкерлери үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле диагностикалык жана дарылоонун алдыңкы технологияларын киргизүүгө багытталган


