Эмгек министрлиги социалдык келишимди алууда алдамчылык схемалар тууралуу эскертет -
«Социалдык контракт» программасын ишке ашыруу боюнча пландуу мониторингдин жүрүшүндө Эмгек министрлигинин Баткен райондор аралык башкармалыгы тарабынан опузалап алуу фактылары аныкталган: белгисиз адамдар социалдык келишимди түзүүгө «жардам» деген шылтоо менен мамлекеттен жардам алган үй-бүлөлөрдөн

«Социалдык контракт» программасын ишке ашыруу боюнча пландуу мониторингдин жүрүшүндө Эмгек министрлигинин Баткен райондор аралык башкармалыгы тарабынан опузалап алуу фактылары аныкталган: белгисиз адамдар социалдык келишимди түзүүгө «жардам» деген шылтоо менен мамлекеттен жардам алган үй-бүлөлөрдөн акча талап кылышкан Аталган башкармалык дароо укук коргоо органдарына кайрылган. Ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде кылмышка шектүү кармалып, кылмыш иши козголгон Социалдык келишимдер колдонуудагы мыйзамдарга ылайык министрликтин аймактык бөлүмдөрү аркылуу гана түзүлөт. Акча каражаттары түздөн-түз алуучунун банктык эсебине которулат - ортомчуларсыз, комиссиясыз жана үчүнчү жактарга эч кандай кошумча төлөмдөрсүз. Бул процесске сырттан келген адамдардын катышуусу мыйзамсыз Эмгек министрлиги жарандарды сак болууга чакырат. Эгерде кимдир-бирөө социалдык келишимди түзүүгө көмөк көрсөтүү үчүн акы төлөөнү талап кылса, бул тууралуу укук коргоо органдарына же бөлүмдүн аймактык бөлүмдөрүнө дароо билдирүү керек


