Курулуш министрлиги Бишкектин Түндүк айланма жолунун 33,4 чакырымын реконструкциялоону текшерди
Курулуш министрлиги Бишкектин түндүк айланма жолунун долбооруна кирген Алматы-Бишкек-Ташкент жана Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт автожолунун тилкелерин реконструкциялоонун жүрүшүн текшерди. Жалпы узундугу 33,4 чакырымды түзгөн жумушту «Чайна Роуд» ЖЧКсы жүргүзүүдө», - деп билдиришти башкармалыктан

Курулуш министрлиги Бишкектин түндүк айланма жолунун долбооруна кирген Алматы-Бишкек-Ташкент жана Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт автожолунун тилкелерин реконструкциялоонун жүрүшүн текшерди. Жалпы узундугу 33,4 чакырымды түзгөн жумушту «Чайна Роуд» ЖЧКсы жүргүзүүдө», - деп билдиришти башкармалыктан Мониторингди Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы жүргүздү. Текшерүү Алматы - Бишкек - Ташкент 230,7-255,0 жана Бишкек - Балыкчы - Нарын - Торугарт 0-9,1 чакырымдарында болгон Мониторингдин жыйынтыгы боюнча подрядчыга иштин сапатын такай көзөмөлдөө жана курулуш материалдарына лабораториялык изилдөөлөрдү өз убагында жүргүзүү зарылчылыгы белгиленди Кыргызстандагы негизги экономикалык жаңылыктарга көз салыңыз - Telegram жана WhatsApp тармактарындагы Economist.kg каналдарына жазылыңыз. Биз ошондой эле Facebook, Instagram, Threads жана X тармактарындабыз. Бизге кошулуңуз жана ар дайым эң маанилүү нерселерден кабардар болуңуз!


