Курулуш министрлиги: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин аймагында мыйзамсыз курулуштар токтотулду
11-июнда жүргүзүлгөн көзөмөлдөө иш-чараларынын алкагында Бишкек шаары, Жал кичи району, No30 үй дарегинде жайгашкан объектинин курулушун мыйзамсыз баштоо фактысы аныкталды. Тиешелүү уруксат кагаздары жок жана курулуп жаткан объектилердин бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталбай туруп, жер казуу иш

11-июнда жүргүзүлгөн көзөмөлдөө иш-чараларынын алкагында Бишкек шаары, Жал кичи району, No30 үй дарегинде жайгашкан объектинин курулушун мыйзамсыз баштоо фактысы аныкталды. Тиешелүү уруксат кагаздары жок жана курулуп жаткан объектилердин бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталбай туруп, жер казуу иштери жүргүзүлгөндүгү аныкталган. Бул тууралуу Кыргызстандын курулуш министрлиги билдирди Текшерүүнүн жүрүшүндө объект Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин 1100 орундуу жатаканасы экендиги аныкталган Текшерүүнүн жыйынтыгы менен курулуш иштерин жүргүзгөн «Битрейд Импекс» ЖЧКсына тиешелүү акт түзүлүп, 200 000 сом айып салынган. Мындан тышкары, аныкталган мыйзам бузуулар толук жоюлганга чейин курулуш-монтаждоо иштери токтотулган Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы курулуш процессинин бардык катышуучуларын мыйзамдын талаптарын, курулуш нормаларын жана эрежелерин так сактоого чакырат. Башкармалык ошондой эле курулуш тармагындагы мыйзам бузуулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылаарын эскертет
Diğer Haberler

Газета ФИФАнын дүйнөлүк чемпионаты менен Өзбекстандын курама командасынын беттештерин ондогон макалалар менен чагылдырат

«Правовой медиа-центр»: неизвестный пытался удалить из Google'a наш материал про Азаттык и «ВД Строй-инжиниринг»
