Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Курулуш министрлиги унаа токтотуучу жайдын жоктугунан 28 курулуш объектисине уруксат берүүнү жокко чыгарган

Курулуш министерствосу коп кабаттуу турак уйлерду автото-ктоочу жай менен камсыз кылууга контролдукту кучетту. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен 28 курулуш объектисинин долбоордук документтери кайра каралып, мурда берилген уруксаттар жокко чыгарылды Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 2-июнд

0 көрүүkaktus.media
Курулуш министрлиги унаа токтотуучу жайдын жоктугунан 28 курулуш объектисине уруксат берүүнү жокко чыгарган
Paylaş:

Курулуш министерствосу коп кабаттуу турак уйлерду автото-ктоочу жай менен камсыз кылууга контролдукту кучетту. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен 28 курулуш объектисинин долбоордук документтери кайра каралып, мурда берилген уруксаттар жокко чыгарылды Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 2-июнда билдиргендей, курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев курулуш компаниялардын жана долбоорлоо уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жыйында Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдү унаа токтотуучу жай менен камсыздоо маселеси талкууланды Министр көп кабаттуу үйлөрдүн жанында унаа токтотуучу жайлардын жоктугу борбордун транспорттук инфраструктурасына терс таасирин тийгизип жатканын белгиледи. Анын айтымында, ар бир курулуш объектисинде жеке иштер жүргүзүлөт Орунтаев унаа токтотуучу жайлар долбоорлоо баскычында толук эске алынып, шаар куруу талаптары так сакталышы керектигин баса белгиледи "Унаа токтотуучу жайларды кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө берүү керек. Формалдуу чечимдер кабыл алынбайт", - деди министр Буга чейин Курулуш министрлигинин буйругу менен түзүлгөн жумушчу комиссия 2025-жылдан бүгүнкү күнгө чейин макулдашылган долбоорлорду бир ай бою изилдеп келген. Анализдин жыйынтыгында бир катар объекттерде эки деңгээлдүү жана ротациялык паркингдер долбоорлордо көрсөтүлгөн, бирок иш жүзүндө камсыздалбаганы аныкталган Министрликтен билдиришкендей, мониторингдин негизинде унаа токтотуучу жайларга байланыштуу 28 курулуш объектисинин долбоордук документтери кайра каралып чыккан. Алар үчүн мурда берилген уруксаттар жокко чыгарылды Курулуш министрлиги курулуш нормаларына ылайык, бул 28 объектте 3519 унаа токтотуучу жай каралышы керектигин түшүндүрдү. Бирок долбоорлордо азыр 2 миң 532 гана көрсөтүлгөн Мындан тышкары, министрлик эки деңгээлдүү жана ротордук паркинг механизмдерине минималдуу техникалык талаптар азырынча ченемдик укуктук актыларда жетишээрлик түрдө көрсөтүлбөгөнүн белгиледи. Тактап айтканда, сөз эксплуатациялык коопсуздук, структуралык туруктуулук, көтөрүүчү механизмдердин ишенимдүүлүгү, авариялык коргонуу системалары жана парковкалардын өлчөмдөрүнүн заманбап унааларга шайкештиги жөнүндө болуп жатат Ушуга байланыштуу объектилерди иш жузунде автотоктоочу жай менен камсыз кылуу маселеси курулуш министерствосу тарабынан езгече контролдукка алынган. Бул багытта мониторинг улантылат Жолугушуу суроо-жооп форматында өттү. Курулуш уюмдарынын өкүлдөрүнө аныкталган кемчиликтерди жоюу жана шаар куруу талаптарын так аткаруу тапшырмасы берилди Курулуш министрлиги унаа токтотуучу жайлар боюнча талаптарды бузуу фактылары аныкталса, мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертти

Kaynak: kaktus.media

Diğer Haberler