Минскте КМШ өлкөлөрүнүн Консулдук кызматтарынын жыйыны өттү
Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Минск шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин Консулдук кызматтарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңешинин XXXIII жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти Маалыматка ылайык, Өзбекстандын төрагалыгы алды

Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Минск шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин Консулдук кызматтарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңешинин XXXIII жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти Маалыматка ылайык, Өзбекстандын төрагалыгы алдында өткөн иш-чарага Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстандын жана КМШнын аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышты Кыргыз делегациясын Консулдук департаменттин директорунун орун басары Алмазбек Байбосов жетектеди Жыйындын катышуучулары консулдук макулдашуулардын аткарылышына байланышкан маселелерди талкуулашты. Ошондой эле Жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам жөнүндө конвенциянын алкагында катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгынын аспектилери каралды Ошол эле күнү Алмазбек Байбосов Беларустун Тышкы иштер министрлигинин Башкы консулдук башкармалыгынын башчысы Андрей Кожан менен жолугушту Анда өз ара кызыгууну жараткан кеңири маселелер боюнча конструктивдүү пикир алмашуу болду. Кыргызстан менен Беларустун жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу, эки тараптуу укуктук кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду Ошондой эле тараптар консулдук ишмердүүлүктүн бардык багыттары боюнча мындан ары да натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин ырасташты


