Илим министрлиги Кыргыз-Өзбек университетинин ректорлук кызматына сынак жарыялады
Билим АКИpress - Илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлиги Ош шаарындагы Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин ректорлугуна сынак жарыялады Ага 65 жаштан ашпаган, жогорку билими, илимий даражасы жана илимий наамы бар, ошондой эле илимий же илимий-педагогикалык иште 5

Билим АКИpress - Илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлиги Ош шаарындагы Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин ректорлугуна сынак жарыялады Ага 65 жаштан ашпаган, жогорку билими, илимий даражасы жана илимий наамы бар, ошондой эле илимий же илимий-педагогикалык иште 5 жылдан кем эмес стажы бар Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат Арыз, резюме, өмүр баяны, билими тууралуу документтер, илимий эмгектердин тизмеси жана университетти өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү планы керек Документтер 4-июндан 17-июнга чейин кабыл алынат Буга чейин аталган окуу жайдын ректору Абдилбайет Мамасыдыков болгон 1994-жылы 19-июлда Кыргыз-Өзбек жогорку технологиялык колледжи түзүлгөн. 1997-жылы Кыргыз-Өзбек университети болуп өзгөртүлгөн


