Билим берүү министри мектептердин толуп кетишин түшүндүрдү
Бишкекке күн сайын жакынкы шаарлардан жана айылдардан, анын ичинде Канттан 15 миңге жакын бала окууга келишет. Бул тууралуу Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди Анын айтымында, мектептерде орундардын жетишсиздигинин негизги себептери борбор калаадагы

Бишкекке күн сайын жакынкы шаарлардан жана айылдардан, анын ичинде Канттан 15 миңге жакын бала окууга келишет. Бул тууралуу Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди Анын айтымында, мектептерде орундардын жетишсиздигинин негизги себептери борбор калаадагы миграциянын жогорку деңгээли жана калктын тез өсүшү бойдон калууда. Кошумчалай кетсек, акыркы жылдары Бишкекке Кыргызстандын аймактарынан эле эмес, Орусиядан да үй-бүлөлөр көчүп келүүдө Мектептерге электрондук кабыл алуу боюнча түшүндүрмө берип жатып, министр бул система балдардын биринчи кезекте жашаган жеринде билим алышын камсыздоо үчүн киргизилгенин белгиледи. Анын айтымында, көптөгөн ата-энелер балдарын шаардын борборундагы популярдуу мектептерге берүүгө умтулушат, ал эми жаңы конуштардагы айрым билим берүү мекемелеринде дагы деле бош орундар бар "Бүткүл дүйнөдө балдар көбүнчө үйгө эң жакын мектепте окушат. Күн сайын алыскы жолго чыгуу балага кошумча физикалык жана психологиялык стресс жаратат", - деп баса белгиледи Кендирбаева Ал кошумчалагандай, бардык мектептер бирдиктүү мамлекеттик программалар жана билим берүү стандарттары боюнча иштейт, андыктан билим берүүнүн сапаты окуу жайдын статусунан көз каранды болбошу керек


