Кыргызстандын билим берүү министри мектептеги сабактарды кыргыз тилинде гана окутуу тууралуу билдирүүгө түшүндүрмө берди
Кыргызстандын билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева келерки окуу жылынан баштап мектептерде айрым предметтер жалаң кыргыз тилинде окутула баштайт деген буга чейинки билдирүүсүнө комментарий берди. Министр Reporter.kgге курган маегинде бул сунуш дагы эле талкууланып жатканын тактады «Бул сунуш

Кыргызстандын билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева келерки окуу жылынан баштап мектептерде айрым предметтер жалаң кыргыз тилинде окутула баштайт деген буга чейинки билдирүүсүнө комментарий берди. Министр Reporter.kgге курган маегинде бул сунуш дагы эле талкууланып жатканын тактады «Бул сунуш балдардын жана мамлекеттин кызыкчылыгын эске алуу менен бирдиктүү билим берүү саясатын калыптандыруу боюнча талкууланып жатат.Бүгүн эмес, балким келечекте Кыргызстандын тарыхын кыргыз тилинде гана окутуу вариантын карап чыгабыз», - деп түшүндүрдү Кендирбаева Министр лингвистикалык интеграция «улутуна, тилине жана баалуулуктарына карабастан» республиканын элдеринин коомдук биримдигин чыңдоонун негизги максаттарынын бири болууга тийиш деп билдирди. Ал борбордогу бир нече мектептерди мисалга тартты, анын айтымында, аларда көптөн бери параллелдүү кыргыз тилдүү класстар жок болчу. «Бул зарыл, бул «Кыргыз жараны» жарандык иденттүүлүгүн өнүктүрүү концепциясында камтылган, мында республиканын ар бир жараны кыргыз тилин башка тилдерге доо кетирбестен билүүгө милдеттүү», - деп кошумчалады министр. Анын айтымында, учурда жаңы муундагы кыргыз тили боюнча окуу китептери иштелип жатат, алар адаптациялуу жана жеткиликтүү болот Догдуркүл Кендирбаева бир күн мурун Биринчи радионун түз эфиринде келерки окуу жылынан тарта өлкөнүн мектептеринде айрым сабактар жалаң кыргыз тилинде окута турганын билдирген. Анын айтымында, жаңы эрежелер окутуу тилине жана улутуна карабастан бардык мектеп окуучуларына тиешелүү Соңку жылдары Кыргызстандын бийлиги кыргыз тилинин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү аракетин көрүүдө. 2025-жылы расмий документтерде, жарнамаларда, карталарда жана мекемелердин ишинде аны милдеттүү түрдө колдонууну күчөткөн мыйзамдык өзгөртүүлөр кабыл алынган. Кыргыз тилиндеги телерадиоберүүлөрдүн көлөмү 60 пайыздан кем эмес болушу керек Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, 2025-жылы 712 миң окуучу кыргыз-орус билим берүү моделиндеги мектептерге барган. 559 миң студент кыргыз тилинде билим алган Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон

