Коргоо министри Руслан Мукамбетов ЖККУнун Коргоо министрлер кеңешинин жыйынына катышты
Turmush - Бүгүн, 3-июнда Москвада Россиянын коргоо министри Андрей Белоусовдун төрагалыгы алдында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин коргоо министрлер кеңешинин жыйыны өттү Жыйынга Кыргызстандын коргоо министри генерал-майор Руслан Мукамбетов катышты. Иш-чарага ошондой эле ЖКК

Turmush - Бүгүн, 3-июнда Москвада Россиянын коргоо министри Андрей Белоусовдун төрагалыгы алдында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин коргоо министрлер кеңешинин жыйыны өттү Жыйынга Кыргызстандын коргоо министри генерал-майор Руслан Мукамбетов катышты. Иш-чарага ошондой эле ЖККУнун башкы катчысы Таалатбек Масадыков жана ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы, генерал-полковник Андрей Сердюков катышты Жолугушуу башталар алдында делегация башчылары курман болгон жоокерлердин жаркын элесине таазим этип, “Жеңиштердин энелери” эстелигине гүл коюшту «Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар ЖККУнун жамааттык коопсуздук аймактарындагы аскердик-саясий кырдаалды, учурдагы чакырыктарды жана коопсуздукка коркунучтарды, ошондой эле уюмдун жамааттык коопсуздук системасын мындан ары өркүндөтүү маселелерин талкуулашты», — деп айтылат маалыматта


