Миллиарддар төгүлүп жатат: Дуров VPNдерди бөгөттөө аракетинде
Telegramдын негиздөөчүсү Павел Дуров VPN кызматтарын колдонууну чектөө аракеттерин сынга алып, орус жана иран бийликтеринин көп жылдык аракеттери каалаган жыйынтыкка алып келбегенин айтты. "VPN'ге түбөлүк тыюу салуу мүмкүн эмес. Орусия менен Иран VPN'дерди бөгөттөө үчүн миллиарддаган долларларды кор

Telegramдын негиздөөчүсү Павел Дуров VPN кызматтарын колдонууну чектөө аракеттерин сынга алып, орус жана иран бийликтеринин көп жылдык аракеттери каалаган жыйынтыкка алып келбегенин айтты. "VPN'ге түбөлүк тыюу салуу мүмкүн эмес. Орусия менен Иран VPN'дерди бөгөттөө үчүн миллиарддаган долларларды коротушту жана ал ишке ашпай калды. Көпчүлүк орустар менен ирандыктар дагы эле ай сайын VPN аркылуу Telegram колдонушат", - деп жазган Дуров Анын айтымында, социалдык тармактарга жана интернет кызматтарына тыюу салуулар өз максатына жетпейт жана колдонуучуларды кирүүнүн жолдорун табууга гана түртөт. Мисал катары ал Орусияда Telegramды бөгөттөө аракетин келтирди. "Орус бийлиги Telegramды бөгөт коюуга аракет кылганда, орусиялык өспүрүмдөрдүн 95% аны колдонууну улантышкан. Алар жөн гана VPNге өтүштү", — деп белгиледи ишкер Дуровдун билдирүүсү Улуу Британияда балдар үчүн социалдык түйүндөргө чектөө киргизилип, Орусияда интернет-трафикти көзөмөлдөөнү күчөтүү фонунда айтылды


