Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу билдирүү таратты
Кыргыз Республикасы Жакынкы Чыгыштагы бир катар мамлекеттердин аймактарына кайрадан аскердик сокку уруулар тууралуу маалыматтарга тынчсыздануусун билдирет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди Кыргыз Республикасы чыр-чатакты тынчтык жолу менен жөнгө салууга багытталган

Кыргыз Республикасы Жакынкы Чыгыштагы бир катар мамлекеттердин аймактарына кайрадан аскердик сокку уруулар тууралуу маалыматтарга тынчсыздануусун билдирет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди Кыргыз Республикасы чыр-чатакты тынчтык жолу менен жөнгө салууга багытталган сүйлөшүү процессине доо кетириши мүмкүн болгон ар кандай аскердик аракеттерди айыптайт жана тараптарды максималдуу сабырдуулукка, ок атышууну токтотуу режимине каршы келген кырдаалдын андан ары курчушуна алып келе турган кадамдардан алыс болууга, эл аралык укуктун нормаларын жана БУУнун Уставын так сактоого чакырат. жаңжалды аскердик эмес, дипломатиялык жол менен жөнгө салуу Белгилей кетсек, бүгүн, 3-июнда Иран менен АКШ бири-бирине кол салганын жарыялашкан


