Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын жаранынын Түркияда кармалышынын себептерин тактады -
Тышкы иштер министрлиги Түркияда Кыргызстандын жараны Эрмек Сабыржановдун кармалганы тууралуу маалыматты тастыктады Ведомстводон билдиришкендей, бул маселе Тышкы иштер министрлиги менен Кыргызстандын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринин көзөмөлүндө "Кармалган жарандын жакын туугандары менен байл

Тышкы иштер министрлиги Түркияда Кыргызстандын жараны Эрмек Сабыржановдун кармалганы тууралуу маалыматты тастыктады Ведомстводон билдиришкендей, бул маселе Тышкы иштер министрлиги менен Кыргызстандын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринин көзөмөлүндө "Кармалган жарандын жакын туугандары менен байланыш үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Элчилик Түркия Республикасынын компетенттүү органдары менен Э.С.га жардам көрсөтүү жана кармоонун жагдайларын жана себептерин тактоо боюнча иш алып барууда", — деп айтылат маалыматта. Социалдык тармактардан алынган сүрөттөр. Эрмек Сабыржанов Буга чейин социалдык тармактарда Эрмек Сабыржанов ФЕТО уюму менен байланышы бар деген шек менен Түркиянын аэропортунда кармалганын жакындары жазып чыгышкан. Кармалган жарандын аялы үч жаш баласы менен эки жумадай убакыттан бери ал жерде болуп, маселенин чечилишине аракет кылууда Эске салсак, буга чейин Түркияда ушундай эле шек менен кармалган кыргызстандык мугалимдин окуясы коомчулукта чоң резонанс жараткан FETO түрк дааватчысы Фетхуллах Гүлен менен байланышы бар уюм. Түрк бийлиги аны "Фетхуллахчы террордук уюм" деп атап, 2016-жылдагы төңкөрүш аракети үчүн айыптоодо. Кыймылдын тарапкерлери бул айыптоолорду четке кагууда


