Жылдын металлургу жана жылдын геологу: Qarmet кызматкерлери Казакстандын тоо-кен жана металл өнөр жайынын мыкты адистери катары таанылды
Сынак жыл сайын Казакстандын тоо-кен металлургия тармагындагы мыкты долбоорлорду, адамдарды, жетишкендиктерди жана кесиптик демилгелерди тааныйт Сынактын жыйынтыгы боюнча «Жылдын металлургу» номинациясында жеңүүчү деп Qarmet компаниясынын болот департаментинин директору Андрей Берг табылды. Анын т

Сынак жыл сайын Казакстандын тоо-кен металлургия тармагындагы мыкты долбоорлорду, адамдарды, жетишкендиктерди жана кесиптик демилгелерди тааныйт Сынактын жыйынтыгы боюнча «Жылдын металлургу» номинациясында жеңүүчү деп Qarmet компаниясынын болот департаментинин директору Андрей Берг табылды. Анын тоо-металлургия тармагындагы тажрыйбасы 30 жылдан ашык. Ал Темиртау металлургдарынын атактуу эмгек династиясынын екулу Кесиптик жолун 1992-жылы мартен цехинде болот эритүүчүнүн жардамчысы болуп иштөөдөн баштаган. Дайыма өндүрүштүк жана жетекчилик кызматтарды аркалап, жумушчудан темир цехтин директоруна чейин жеткен Анын жетекчилиги астында болот куюу бөлүмү 2025-жылы олуттуу өндүрүштүк натыйжаларды көрсөттү. 3,7 миллион тоннадан ашык болот, 2,4 миллион тоннадан ашык кокс жана 5,6 миллион тоннадан ашык агломерат өндүрүлгөн. Жөнөтүлгөн продукциянын көлөмү 3,3 миллион тоннадан ашты. Металлургиялык комбинат тарыхта биринчи жолу жаратылыш газына өттү 2026-жылы бөлүм өзүнүн өндүрүштүк программасын туруктуулук менен аткарууну улантууда. Бергдин тузден-туз катышуусу менен негизги объектилер модернизацияланууда, № 8-9 кокстун жацы батареяларын, секциялык прокат станын, цинкациялоочу линияны жана акыркы куюу-прокат комплексин куруу сыяктуу инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда «Жылдын мыкты геологу» номинациясынын экинчи жеңүүчүсү «Кармет» компаниясынын «Караганда Комир» ЖЧКсынын көмүр департаментинин башкы геологу Руслан Хисматуллин болду. Анын иш стажы 18 жылдан ашык Алынган сыйлыктар компаниянын өндүрүштү модернизациялоо, заманбап технологияларды киргизүү жана команданын профессионалдык потенциалын өнүктүрүү боюнча системалуу ишин баалоо болду Бүгүнкү күндө Qarmet металлургия, көмүр жана темир рудасы тармактарында ири долбоорлорду ишке ашырып, өндүрүш процесстеринин натыйжалуулугун ырааттуу түрдө жогорулатып, өнөр жай коопсуздугунун маселелерине өзгөчө көңүл бурат «Алтын Гефест» сынагындагы жеңиш компаниянын жана анын кызматкерлеринин Казакстандын тоо-металлургиялык комплексин өнүктүрүүгө кошкон салымын ырастайт


