Мерц: Сербия Евробиримдикке кирүүнү кааласа, Орусия жана Кытай менен болгон тең салмактуулук саясатынан баш тартышы керек
Германиянын канцлери Фридрих Мерц эгер Сербия Евробиримдикке мүчө болууну кааласа, Орусия, Кытай жана Европа ортосундагы тең салмактуулук саясатынан баш тартышы керектигин айтты Бул тууралуу ал Черногорияда өткөн Евробиримдик-Батыш Балкан саммитинин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында айтты «Ору

Германиянын канцлери Фридрих Мерц эгер Сербия Евробиримдикке мүчө болууну кааласа, Орусия, Кытай жана Европа ортосундагы тең салмактуулук саясатынан баш тартышы керектигин айтты Бул тууралуу ал Черногорияда өткөн Евробиримдик-Батыш Балкан саммитинин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында айтты «Орусия, Кытай жана Европанын ортосунда маневр саясатын жүргүзүү мүмкүн эмес», - деди Мерц Канцлердин айтымында, Сербия өзүнүн келечегин кайдан көрөөрүн так тандоосу керек «Эгер Сербиянын жообу Европа болсо, Европанын жообу Сербия болот», - деп баса белгиледи ал Мерц Евробиримдиктин лидерлери Сербиянын президенти Александр Вучич менен болгон жолугушууда бул күтүүлөрдү ачык айтышканын кошумчалады


