Мерц: Европа Украина боюнча Орусия менен сүйлөшүүгө даяр
Европа Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча Орусия менен сүйлөшүүлөргө даяр Бул тууралуу Германиянын канцлери Фридрих Мерц Черногориянын Тиват шаарында өткөн Евробиримдик-Батыш Балкан саммитинин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында билдирди Канцлердин айтымында, европалыктардын мындай форматта

Европа Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча Орусия менен сүйлөшүүлөргө даяр Бул тууралуу Германиянын канцлери Фридрих Мерц Черногориянын Тиват шаарында өткөн Евробиримдик-Батыш Балкан саммитинин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында билдирди Канцлердин айтымында, европалыктардын мындай форматта сүйлөшүү үстөлүнө отурушу табигый көрүнүш Мерц Украинада тынчтык орнотуу Европанын түпкү кызыкчылыктарына жооп берерин айтты "Европа тараптын сүйлөшүүлөргө даярдыгынын жетишсиздиги болбойт", - деп кошумчалады Германиянын канцлери Ал ошондой эле 7-июнда Лондондо Германия, Улуу Британия жана Франция кирген Е3 форматында жолугушуу болорун белгиледи. Кийинки кадамдар Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Британиянын премьер-министри Кейр Стармер жана Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушууда талкууланат


