Мерц Трамп менен Германиядагы америкалык аскерлердин келечегин талкуулоого ниеттенүүдө
Германиянын канцлери Фридрих Мерц алдыдагы G7 жана НАТО саммиттеринде АКШнын президенти Дональд Трамп менен Германиядагы АКШнын аскерий болушуна байланыштуу кырдаалды талкуулоону пландоодо Бул тууралуу Германиянын канцлери Фридрих Мерц Черногориянын Тиват шаарында өткөн Евробиримдик-Батыш Балкан с

Германиянын канцлери Фридрих Мерц алдыдагы G7 жана НАТО саммиттеринде АКШнын президенти Дональд Трамп менен Германиядагы АКШнын аскерий болушуна байланыштуу кырдаалды талкуулоону пландоодо Бул тууралуу Германиянын канцлери Фридрих Мерц Черногориянын Тиват шаарында өткөн Евробиримдик-Батыш Балкан саммитинин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында билдирди «Биз бул маселени эки жумадан кийин Франциянын Эвиан шаарында өтө турган Чоң жетиликтин жыйынында расмий эмес түрдө талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз, андан кийин НАТОнун Анкара саммитинде Американын администрациясы жана АКШнын президенти менен расмий форматта сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз», - деп баса белгиледи канцлер Мерц Европа менен АКШ коопсуздук боюнча өз ара милдеттенмелерин бирге аткарышы керектигин белгиледи "Биз бири-бирибиздин коопсуздугун камсыздайбыз. Бул принцип Европага да, Америкага да тиешелүү болушу керек", - деди ал Германиянын канцлери Берлин АКШны Европа континентинде өзүнүн аскерий катышуусун сактоонун маанилүүлүгүнө ынандырууга аракет кыларын кошумчалады


