Бишкек шаарынын мэри эки орун басары - Виктория Мозгачева менен Азамат Кадыровду кызматтан алды
Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду Башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу мэрдин орун басарлары Виктория Мозгачева менен Азамат Кадыров ээлеген кызматынан бошотулду Рахат Мусаева мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды Жаныбек Орозалиев Б

Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду Башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу мэрдин орун басарлары Виктория Мозгачева менен Азамат Кадыров ээлеген кызматынан бошотулду Рахат Мусаева мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды Жаныбек Орозалиев Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин директору болуп дайындалды Муратбек Атай мэрдин жер пайдалануу, архитектура, курулуш жана санариптештирүү боюнча орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды Тиешелүү буйруктарга мэр Айбек Жунушалиев кол койду Мындан тышкары, кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө ээлеген кызматынан убактылуу четтетилген Биринчи Май районунун акиминин орун басары Чынары Жаныкееванын жана Ленин районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары Бактыгүл Исмаилованын ишмердүүлүгүнө кызматтык иликтөө жүргүзүү тапшырылды


