Мамлекеттик символдор – улуттук өзгөчөлүктүн күзгүсү
Мамлекеттик символдор өлкөнүн тарыхын, маданиятын, улуттук өзгөчөлүгүн ачып берүүчү маанилүү символдор болуп саналат. Символдор күнүнө карата Алматыда өткөн илимий-практикалык конференцияда эксперттер ушундай деп билдирди. Иш-чарага 70ке жакын адам катышты. Алардын арасында илимий коомчулуктун өкүлд

Мамлекеттик символдор өлкөнүн тарыхын, маданиятын, улуттук өзгөчөлүгүн ачып берүүчү маанилүү символдор болуп саналат. Символдор күнүнө карата Алматыда өткөн илимий-практикалык конференцияда эксперттер ушундай деп билдирди. Иш-чарага 70ке жакын адам катышты. Алардын арасында илимий коомчулуктун өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, этно-маданий бирикмелердин мүчөлөрү, жарандык коом институттарынын, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү жана коомдук активисттер болду Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик символдордун тарыхый-укуктук мааниси, ошондой эле Конституциянын азыркы коомдун өнүгүшүндөгү ролу талкууланды. Юридика илимдеринин доктору, профессор Алуа Ибраева мамлекеттик символика боюнча жаңы мыйзамдык өзгөртүүлөр символдордун коомдогу ролун күчөтүүгө багытталганын билдирди Алуа Ибраева, юридика илимдеринин доктору, профессор: Мамлекеттик белгилер – өлкөбүздүн дүйнө жүзүндөгү жүзү, элибиздин, мамлекетибиздин биримдигинин символу. Көк байрагыбыздын мааниси – эркиндик, тынчтык, Гербибиз – жалпы үй-бүлөнүн астындагы биримдик, Гимн – Мекенге болгон сүйүү, сыймыктануу дегенди адистер айтышат Кенжехан Матыжанов, Казакстан Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги: Иш-чаранын катышуучуларынын арасында мамлекеттик символдорго сый мамилени калыптандыруу, укуктук маданиятты чыңдоо жана патриоттук тарбияны өнүктүрүү маселелери да талкууланды


