Медициналык билим берүү: 13 окуу жай аккредитациядан өтпөй калды
Ал арада аккредитациядан өтпөй калган айрым окуу жайлар комиссиянын чечимине макул болбой, апелляциялык арыз жазышканы белгилүү болду. Өлкөдө бир канча жылдан бери дарыгерлерди даярдаган окуу жайлар, ал жактагы билим берүүнүн сапаты тууралуу талкуу болуп келет. Кыргызстанда мындай университеттерде н

Ал арада аккредитациядан өтпөй калган айрым окуу жайлар комиссиянын чечимине макул болбой, апелляциялык арыз жазышканы белгилүү болду. Өлкөдө бир канча жылдан бери дарыгерлерди даярдаган окуу жайлар, ал жактагы билим берүүнүн сапаты тууралуу талкуу болуп келет. Кыргызстанда мындай университеттерде негизинен Индия менен Пакистандан келген студенттер билим алат.Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, аккредитациядан өтүү үчүн жалпы 24 окуу жай арыз берген. Комиссия 13 билим берүү жайына аккредитация берүүдөн баш тарткан Алар: "Ала-Тоо" эл аралык университети, Салымбеков университети, "Авиценна" эл аралык медицина университети, АДАМ университети, Роэль Метрополитен университети, Альтамими эл аралык университети, Эл аралык медицина университети, Кыргыз медициналык-стоматологиялык институту, Евразия эл аралык университети, Бишкек эл аралык медициналык институту, Медицина жана илим эл аралык университети, Борбор Азия эл аралык медицина университети жана Ош эл аралык медицина университети Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Зуура Долонбаева "Азаттыкка" комментарий берип жатып аккредитациялоо атайын токтом менен бекитилген эреже-талапка ылайык жүргүзүлгөнүн айтты Учурда аккредитациядан өтпөй калган окуу жайдын студенттерин башка жакка которуу маселеси каралып жатканын, ал эми кыргыз жарандары Медициналык академияда окуусун улантарын билдирди:"Бизде "Мамлекеттик аккредитация жүргүзүүнүн тартиби" деген токтом чыккан. Ал жерде стандарттар, критерийлер бекитилген. Баары ошолордун негизинде бааланды. Ал жерде көз карандысыз эксперттер иштеди. Баары ошол стандарттар менен каралып чыкты, ошонун негизинде чечилди. Азыр биз ошол окуу жайлардагы студенттердин канчасы быйыл бүтөт, канчасы калат деп баарын тактап жатабыз. Ар бир студент тууралуу маалымат бар. Биз аларды которуу үчүн аккредитациядан өткөн окуу жайларга беребиз. Кыргыз жарандарынын баары медициналык академияга которулат. Калгандарын аккредитациядан өткөн окуу жайларга бөлүштүрөбүз. Азыр быйыл ошол окуу жайларды канча студент аяктайт деп тактап бүтсөк эле өзүбүздүн буйрук менен канчасын кайсы жакка которобуз деп чечебиз".Зуура Долонбаева аккредитациялык комиссиянын чечимине макул эмес окуу жайлардан арыз түшүп жатканын бышыктады:"Бизге апелляциялык арыздарын жазып берип жатышат. Эми өзүңүздөр түшүнүп жатасыздар да, 13 окуу жай деген аябай эле көп. Алардын артында канча студент, канча окутуучу турат. Канча каражат жумшалды. Аккредитациялык кеңеш ар бир ректордун, окуу жайлардын негиздөөчүлөрүн чакырып, баарлашуу болгон. Аккредитация кылган эксперттерге кандай дооматтарыңар бар деп сурашкан. Биз анын баарын видеого тартып, кийин бир нерсе болсо далил деп сактап койдук. Алардын ар биринин пикири эске алынып, анан чечим кабыл алынды да. Эгер биздин чечимге макул болушпаса аны дагы карайбыз да. Бул окуу жайлар буга чейин деле эл аралык аккредитациядан өтүп жүрүшкөн, анын жол-жобосун жакшы билишет. Бул жерде билимдин сапаты, медициналык кадрларды даярдоонун сапаты тууралуу сөз болуп жатпайбы. 27-апрелге чейин толук документтерин көрсөтүүгө убакыт берилген. Мамлекеттик аккредитациянын стандарттары деле жеткиликтүү. Биз эл аралык деңгээлдеги стандарттарды кылган жокпуз. Ошо биздин өлкөбүзгө туура келген, жеткиликтүү стандарттар менен гана өткөрдүк" Аккредитациядан өткөндөрдүн арасында буга чейин бир катар чуулуу окуяларда аты аталган окуу жайлар болгондуктан текшерүүнүн ачык-айкындуулугуна, акыйкаттуу жүргөнүнө байланыштуу бир катар суроолор да жаралды Ала-Тоо эл аралык университети бул чечимге макул эместигин, өз укугун апелляциялык жолдор менен коргой турганын маалымдады. Аталган окуу жайдын медицина факультетинде 30 өлкөдөн келген студенттер билим аларын белгиледи "Аталган факультет заманбап эл аралык академиялык жана кесиптик стандарттарга жооп берген сапаттуу билим берерине бекем ишенебиз. Окуу процесси англис тилинде жүргүзүлөт, бул студенттерге дүйнөлүк деңгээлдеги илимий басылмалар, эл аралык клиникалык сунуштамалар жана заманбап изилдөөлөр менен тилдик тоскоолдуксуз түздөн-түз иштөөгө мүмкүнчүлүк түзөт. Окуу дисциплиналарынын олуттуу бөлүгүн эл аралык тажрыйбага ээ адистер, анын ичинде нукура англис тилдүүлөр окутушат. Жогорку деңгээлдеги даярдык конкреттүү жетишкендиктер менен тастыкталат. Биздин студенттер медициналык багыттагы жогорку окуу жайлар аралык олимпиадаларда үзгүлтүксүз байгелүү орундарды ээлеп, илимий-изилдөө иштерине активдүү катышып келишет жана Кыргызстандын ичинде гана эмес, эл аралык деңгээлде да атаандаштыкка жөндөмдүү экендигин көрсөтүп жатышат. Университетке болгон ишенимдин маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири катары бүгүнкү күндө медициналык билим берүү программаларында дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүнөн келген студенттер билим алып жаткандыгын белгилөөгө болот",-деп жазылган университет тараткан маалыматта.Буга чейин Салымбеков университети өздүк клиникалык базасы жагынан Кыргызстандагы алдыңкы университеттердин катарына кирерин билдирген. Эки заманбап ооруканасы, онкологиялык лабораториясы бар экенин белгилеген."Студенттердин жетишкендиктери боюнча дагы алдыңкы катарда келет. Акыркы үч жылда эле 10дон ашык эл аралык (Орусия, Казакстан) жана республикалык олимпиада жана конференцияларда алдыңкы (1-3-орундар) орундарды алып келишкен. Бүтүрүүчүлөрдүн жетишкендиги боюнча дагы алдыңкы орунда. Бул окуу жайдын индиялык студенттердин алгачкы бүтүрүүсү 2024-жылы болгон. Ал эми жергиликтүү студенттердин биринчи бүтүрүүсү 2027-жылы болот. Ошол жылдан бери Индиянын расмий отчету жана статистикасы боюнча Салымбеков университети алдыңкы орунда турат",-деп жазылган университеттин билдирүүсүндө Мындан сырткары Индияда Кыргызстандагы окуу жайлардын медициналык багыттагы бүтүрүүчүлөрүнүн билим деңгээлин сынаган сынакта Салымбеков университети эң мыкты жыйынтык көрсөткөнүн да көрүүгө болот.Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, төрт окуу жай алты жылдык мөөнөткө аккредитацияланган. Алар: Ош мамлекеттик университети, "Кыргызстандын Эл аралык университети" окуу-илимий-өндүрүштүк комплекси, Эл аралык жогорку медицина мектеби жана Тентишев атындагы Азия эл аралык университети.Ошондой эле, жети билим берүү жайы бир жылдык аккредитация алды. Алар Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Жалал-Абад мамлекеттик университети, Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети, Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, Жалал-Абад эл аралык университети, Түштүк Азия университети жана Эл аралык Европа университети Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда медициналык жаатта жогорку билим берген 34 окуу жай бар. Алардын ичинен 12си мамлекеттик, калган 22си менчик Азыркы мыйзамдарга ылайык, үч окуу жайына: Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Орусия Славян университети жана Кыргыз-Түрк "Манас" университети аккредитациядан өтүү талабы болгон эмес.Кыргызстанда медициналык окуу жайларды иретке салуу маселеси бир топ убакыттан бери көтөрүлүп келген. 2022-жылы ошол кездеги саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 24 окуу жайдын 17си жабыларын билдирген жана бул билим берүү жайлары талапка жооп бербесин айткан.Ошол кезде президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңеш бул жаатта текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгын жарыялаган. Корутундуда медициналык университеттердин көпчүлүгү талапка жооп бербеси белгиленген Аталган кеңештин төрайымы Нурипа Муканова мындай окуу жайларды милдеттүү түрдө аккредитациядан өткөрүү сунушу берилгенин айтып берди. Соңку иш-чараларды бул чөйрөнү тартипке салуу аракети катары түшүндүрдү "Буга чейин жалаң эле лицензия берүү болчу да. Лицензия алып эле иштей беришчү, өздөрү каалагандай окута беришчү. Ошондуктан аябай чоң проблемалар чыккан. Андан кийин дүйнөлүк тажрыйбанын негизинде аккредитациялоо киргизилбедиби. Биздин сунушубуз менен аккредитация сөзсүз болушу керек деп ошол 2022-жылдан кийин киргизилди. Ага чейин окуу жай макамын көтөрөм десе гана аккредитациядан өтчү, милдеттүү эмес болчу. Азыр болсо милдеттүү болуп калды. Министрликтин тиешелүү бөлүмү аккредитацияны уюштуруп гана берет, ал эми аккредитациянын өзүн көз карандысыз аккредитациялык мекемелер өткөрүшөт",-деди Муканова.Президент Садыр Жапаров былтыр августта “Медицина чөйрөсүндө адистерди даярдоого мамлекеттик монополияны киргизүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон.Ага ылайык, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына өзгөчө укук берилип, медицина чөйрөсүндө адистерди даярдоого мамлекеттик монополия киргизилген. Аккредитациядан өтпөй калган жеке окуу жайлар билим берүү ишин жогорку окуу жайына чейинки даярдоо курстарынын же окуу-клиникалык базалардын форматында гана жүргүзө алышат. Алар толугу менен Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын башкаруусунда болот.Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда билим алган чет элдик студенттердин саны кыскарууда. Айрыкча, Түштүк-Чыгыш Азиядан келгендердин саны суюлган Постсоветтик өлкөлөрдү кошпогондо Кыргызстанга келген чет элдик студенттердин саны 2024-жылы 44 миңге түшкөн. Чет өлкөлүк студенттер Кыргызстандын окуу жайларында окуу үчүн кеминде 3000 доллардан акы төлөшөт Ушул жылдын апрель айынын аягында кыргыз өкмөтү жогорку окуу жайларга чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуу эрежелери өзгөрөрүн билдирген. Министрлер кабинетинин атайын токтомуна ылайык, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин алдында "Жогорку окуу жайларына чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуу" мамлекеттик борбору түзүлөрү маалымдалган. Борбордун максаты чет жактан келген абитуриенттердин жогорку окуу жайларына кабыл алынышынын ачык-айкындыгын камсыздоо болот деп айтылган
Diğer Haberler

Түрк дүйнөсүндөгү Репрессия көргөзмөсү совет доорундагы зулумду ачыкка чыгарды - QHA - Крым кабар агенттиги

Тышкы рыноктордон сатып алуулар: ким декларация толтурууга тийиш | Л.С
