Медер Абакиров Душанбеде өткөн эл аралык конференцияга катышты
Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Душанбе шаарында өткөн "Борбор Азия – ШКУнун өзөгү: тынчтык жана биргелешкен өнүгүү мейкиндиги" аттуу конференцияга катышты ТИМден билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар Шанхай кызматташтык уюмунун алкагы

Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Душанбе шаарында өткөн "Борбор Азия – ШКУнун өзөгү: тынчтык жана биргелешкен өнүгүү мейкиндиги" аттуу конференцияга катышты ТИМден билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында Борбор Азиянын ролун чыңдоо, региондо тынчтыкты, туруктуулукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу, ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү боюнча актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты Өз сөзүндө Медер Абакиров Борбор Азия тарыхый жактан ШКУнун өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлеп, ишенимдин, ынак коңшулуктун жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын маанилүү мейкиндиги болуп келерин белгиледи Кыргызстан ШКУга төрагалыгына өзгөчө көңүл бурулуп, ал "ШКУга 25 жыл: туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө карай бирге" деген ураан алдында өтүп жатканы белгиленди Кыргызстан ШКУга төрагалык кылууда уюмду андан ары чыңдоого жана анын күн тартибин конкреттүү мазмун менен толтурууга өзгөчө маани берери баса белгиленди


