Коргоо министри: Израил Иранга каршы кыймыл эркиндигин коргоону көздөйт
Израилдин коргоо министри Исраэл Катц өлкөсү келечекте Иранга каршы кыймыл эркиндигин коргоону кааларын билдирди Бул тууралуу ал өзүнүн "Х" аккаунтунда Вашингтон менен Тегеран ортосундагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөргө комментарий берип жатып билдирди "Израиль Ирандын келечекте өзөктүк

Израилдин коргоо министри Исраэл Катц өлкөсү келечекте Иранга каршы кыймыл эркиндигин коргоону кааларын билдирди Бул тууралуу ал өзүнүн "Х" аккаунтунда Вашингтон менен Тегеран ортосундагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөргө комментарий берип жатып билдирди "Израиль Ирандын келечекте өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө үчүн өз алдынча аракеттенүү жөндөмүбүздү сактап калышыбызга кепилдик бериши керек. Премьер-министр Биньямин Нетаньяху экөөбүз Израилдин Коргоо күчтөрүнө ошого жараша даярдык көрүүнү тапшырдык", - деп жазган Катц Белгилей кетсек, буга чейин Израил Иран менен кандай гана келишим болбосун Ирандын өзөктүк программасына тыюу салуу, баллистикалык ракета программасына чектөө жана Тегерандын Жакынкы Чыгыштагы союздаш күчтөрүнө колдоо көрсөтүүнү чектөөнү камтышы керек деп ырастап келген


