Маңзат ташыган топтун лидери кармалды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) баңгизаттарды чек аралар аркылуу ташуу агымын аныктоо жана ага бөгөт коюу максатында жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Баткендеги баңгизат ташыган топтун лидери кармалганын билдирди Мекеменин басма сөз кызматы 15-июнда кабарлагандай, шектүү

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) баңгизаттарды чек аралар аркылуу ташуу агымын аныктоо жана ага бөгөт коюу максатында жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Баткендеги баңгизат ташыган топтун лидери кармалганын билдирди Мекеменин басма сөз кызматы 15-июнда кабарлагандай, шектүү - кыргыз жараны Ал 2015-жылдан бери Ооганстан - Тажикстан - Кыргызстан багыты аркылуу, андан ары КМШ өлкөлөрүнө маңзаттарды аткезчилик жол менен ташуучу канал уюштурууга шек саналып издөөгө алынган Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө жүргөн жери аныкталып, кармалды. Учурда УКМКнын тергөө абагына киргизилди Атайын кызмат аталган кылмыштуу схеманын башка катышуучуларын аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады. Кылмышка тиешеси бар бардык адамдар мыйзам чегинде кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти Буга чейин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын Ички иштер министрликтеринин биргелешкен аракеттеринин натыйжасында баңгизат таратуучу трансулуттук канал жоюлганы кабарланган. Атайын операциянын жыйынтыгында ири өлчөмдөгү ооган баңгизаттарын Кыргызстан аркылуу Казакстанга алып өтүп, сатуу менен алектенген эл аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган.(ZKo)


