Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Мавлян Аскарбеков 12-августка чейин камакка алынган

Мавлян Аскарбеков эки айга - 12-августка чейин камакта. Бул тууралуу активист Темир Махмудов билдирди Анын айтымында, мындай чечимди Бишкектин Ленин райондук сотунун тергөө судьясы чыгарган Махмудов Аскарбековго КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси «Расалык, этностук, улуттук, диний, региондор

0 көрүүkaktus.media
Мавлян Аскарбеков 12-августка чейин камакка алынган
Paylaş:

Мавлян Аскарбеков эки айга - 12-августка чейин камакта. Бул тууралуу активист Темир Махмудов билдирди Анын айтымында, мындай чечимди Бишкектин Ленин райондук сотунун тергөө судьясы чыгарган Махмудов Аскарбековго КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси «Расалык, этностук, улуттук, диний, региондор аралык кастыкты козутуу» боюнча айып тагылып жатканын белгиледи. Тергөө иштерин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жүргүзүүдө Мурдараак маалымдалгандай, Мавлян Аскарбеков УКМКнын кызматкерлери тарабынан 48 саатка камакка алынган. Бул тууралуу журналист Адилет Айтикеев социалдык тармактарга жазды. Активист кандай берене менен кармалганы ал кезде айтылган эмес. Бул боюнча УКМК расмий комментарий бере элек Мавлян Аскарбеков камалганга аз калганда социалдык тармактардагы баракчасына ага каршы чагымчыл мүнөздөгү материалдар таратылып, аны “эл душманы” катары көрсөтүүгө аракет кылып жатканын жазган Ал буга чейин министрлер кабинетинин төрагасына кытай жарандарынын Кыргызстандагы кичи жана орто бизнеске катышуусу боюнча суроо менен кайрылганын жана бул темада түз эфирде коомдук талкуу өткөрүүнү сунуштаганын билдирди Аскарбековдун айтымында, 7-июнда анын үйүнө УКМКнын үч кызматкери келген. Ал аны менен сүйлөшүп, жашыруун видеого тартып алышканын, кийинчерээк бул жазуулар аны каралоо үчүн монтаждалып, басылып чыкканын айткан Буга чейин социалдык тармактардын айрым баракчаларында Мавлян Аскарбековду каралаган видеолор чыккан 47 жаштагы Мавлян Аскарбеков саясатчы жана активист. Буга чейин Аскарбеков өзүн бир нече жолу парламенттик шайлоого көрсөткөн. Ага чейин бир нече жыл Биринчи Май районунун акиминин орун басары болуп иштеген

Kaynak: kaktus.media