Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Мавлян Аскарбеков эки айга камакка алынды

Бишкектин Ленин райондук сотунда бүгүн 13-июнда жарандык активист Мавлян Аскарбековдун бөгөт чарасын аныктоо боюнча сот отуруму өтүп, ал эки айга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынды Адвокаты "Азаттыкка" билдиргендей, ага Кылмыш-жаза кодексинин 330-б

0 көрүүazattyk.org
Мавлян Аскарбеков эки айга камакка алынды
Paylaş:

Бишкектин Ленин райондук сотунда бүгүн 13-июнда жарандык активист Мавлян Аскарбековдун бөгөт чарасын аныктоо боюнча сот отуруму өтүп, ал эки айга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынды Адвокаты "Азаттыкка" билдиргендей, ага Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) негизинде айып тагылууда Активист кармалганы 12-июндун кечинде белгилүү болгон. Ошол күнү ал Фейсбуктагы баракчасына өзүнө карата провокациялык мүнөздөгү маалыматтар таратылып жатканын, үйүнө УКМК кызматкери барганын жазган Аскарбековду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери кармаганын журналист Адилет Айтикеев билдирген Атайын кызмат бул билдирүүлөр тууралуу азырынча маалымат же комментарий бере элек 47 жаштагы Мавлян Аскарбеков өлкөдөгү окуяларды активдүү комментарийлеген саясатчылардын бири. Ал бийликтин айрым иштерин сынга алган пикирлери менен бөлүшүп келген. (DSh)

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler