Беттештин мыкты оюнчусу деп тандалган 40 жаштагы Нойердин билдирүүсү
"Бавариянын" дарбазачысы Мануэль Нойер УЕФА Чемпиондор Лигасынын 1/4 финалдык этабынын биринчи оюнунда "Реалды" жеңгенден (2:1) кийин ойлору менен бөлүштү 525.az сайты бир нече сейв менен беттештин эң мыкты оюнчусу деп табылган 40 жаштагы дарбазачы УЕФАга Мюнхенде боло турган жооптук беттештин абд

"Бавариянын" дарбазачысы Мануэль Нойер УЕФА Чемпиондор Лигасынын 1/4 финалдык этабынын биринчи оюнунда "Реалды" жеңгенден (2:1) кийин ойлору менен бөлүштү 525.az сайты бир нече сейв менен беттештин эң мыкты оюнчусу деп табылган 40 жаштагы дарбазачы УЕФАга Мюнхенде боло турган жооптук беттештин абдан оор болорун айтты: "Биз "Реал Мадрид" чабуулда канчалык кооптуу экенин билчүбүз. Алар көптөгөн гол киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн жаратышты. Ооба, биз бул жеңишке кубанычтабыз, бирок ошол эле учурда Мюнхенде келерки жумада өтө турган экинчи оюнда бизди абдан татаал милдет күтүп турганын түшүнөбүз." Белгилей кетсек, командалардын жооптук беттеши 15-апрелде өтөт


