“Эне – үй-бүлөнүн жүрөгү”: Садыр Жапаров кыргызстандык айымдарды Энелер күнү менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда Кыргызстан элин Энелер күнү менен куттуктады Мамлекет башчынын куттуктоосу: «Урматтуу апалар!Урматтуу мекендештер!Сиздерди Энелер күнү менен чын дилимден куттуктайм! Кыргыз элинде эзелтеден “Эне – очоктун сакчысы” деген акылман сөз

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда Кыргызстан элин Энелер күнү менен куттуктады Мамлекет башчынын куттуктоосу: «Урматтуу апалар!Урматтуу мекендештер!Сиздерди Энелер күнү менен чын дилимден куттуктайм! Кыргыз элинде эзелтеден “Эне – очоктун сакчысы” деген акылман сөз бар. Бул сөздөрдө кылымдар бою кылдаттык менен сакталып, муундан-муунга өтүп келе жаткан көчмөн элдин жашоо-турмушунан, дүйнө таанымынан, адеп-ахлактык баалуулуктарынан келип чыккан терең маани бар. Чынында эле эне – бул жашоонун башаты, үй-бүлөнүн жүрөгү жана тарбиянын башаты! Баардык убакта, мейли жоокерлердин доору, мейли азыркы цивилизациялуу дүйнө, атага үй-бүлөнү коргоо жана камсыз кылуу, ал эми эне үй-бүлөнүн бейпилдигин сактоо, балдарды тарбиялоо жана үй-бүлөнү тукум улоо милдети жүктөлгөн. Бул жарык дүйнөгө келген ар бир бала биринчи кезекте эненин үнүн угуп, анын мээримин сезет жана ал аркылуу айлана-чөйрөнү тааныйт. Эне тилге, адептүүлүккө, улууну урматтоого, кичүүгө камкордукка, боорукердикке, адамкерчиликке үйрөтүүчү эне Кыргыз энелери балдарын ар-намыстын, кадыр-барктын духунда тарбиялап, алардын туулуп-өскөн жерине, Ата-Мекенине болгон сүйүүсүн арттырып, эң негизгиси ата-бабаларынын баа жеткис мурасын, каада-салтын, адеп-ахлактык принциптерин элге өткөрүп беришкен Татыктуу тарбия алган бала келечекте элдин тиреги, улуттук баалуулуктардын сактоочусу болорун апаларыбыз ар дайым жакшы түшүнүшкөн. Элибиздин көп кылымдык тарыхында эң мыкты сапаттары энелерден калган чыгаан инсандар – баатырлар, даанышмандар, чечендер жана мамлекеттик ишмерлер жөнүндө көптөгөн уламыштар сакталып калган Бүгүнкү күндө кыргыз энелери балдарды тарбиялоо менен гана чектелбестен, коомубуздун ишенимдүү таянычы болуп, билим берүү, саламаттыкты сактоо, илим, маданият, ишкердик жана мамлекеттик кызмат тармактарында ийгиликтүү эмгектенип келет Демек, кыргыз коомчулугунда эне балага өмүр берген аял катары гана эмес, үй-бүлө очогунун сакчысы, тарбиянын башаты, улуттун келечегинин улуу жаратуучусу катары аздектелген Ата-бабаларыбыздын асыл салтын улантуу менен, эне болуу улуу бакытына ээ болгон бардык аялдарга терең урмат-сый менен мамиле кылалы Урматтуу апалар! Ата Мекенин сүйгөн, элине ак кызмат кылган муунду тарбиялоо үчүн тарых алдында чоң жоопкерчиликти татыктуу алып жатасыз Балдарды тарбиялоо менен улуттун келечегин калыптандырып, каада-салтыбызды, руханий дөөлөттөрүбүздү, улуттук мурастарыбызды муундан-муунга өткөрүп келе жаткан силерсиңер Сиздердин жүрөгүңүздөрдүн жылуулугу, энелик мээрими ар бирибиз үчүн күч-кубаттын жана шыктануунун түгөнгүс булагы Ар бир үйдө наристелердин күлкүсү жаңырып, энелердин жүзүнөн ар дайым жылмаюу жарык болсун Майрамыңыздар менен, кымбаттуу жана камкор энелер!”


