Президентке бут кийим белек кылган агай андан 10 миң доллар алды (видео)
Президент Садыр Жапаровго бут кийим белек кылган агай 10 миң доллар алды Алмаз Өмүр көп жылдан бери эркектердин булгаарыдан бут кийимдерин тигүү менен алектенет. Социалдык тармактардагы баракчасында ал жакында президент менен жолугуп, бут кийим белек кылганын билдирген Анын айтымында, Садыр Жапаро

Президент Садыр Жапаровго бут кийим белек кылган агай 10 миң доллар алды Алмаз Өмүр көп жылдан бери эркектердин булгаарыдан бут кийимдерин тигүү менен алектенет. Социалдык тармактардагы баракчасында ал жакында президент менен жолугуп, бут кийим белек кылганын билдирген Анын айтымында, Садыр Жапаровго бут кийим жакты. Ал өлкөнү кыдырганда кийүүгө убада берип, сапатын жакшыртуу боюнча кеңештерди берди. Мындан тышкары, президент чет өлкөгө саякаттоо үчүн дагы бир жупту буюруп, агайга 10 миң доллар берген Өмүр жолугушуу жылуу жана жайдары маанайда өткөнүн, мындай кабыл алуу жана колдоону күтпөгөнүн белгиледи Алынган каражатты бут кийим чыгаруу учун материал-дарды жана жабдууларды сатып алууга жумшоону пландаштырууда


