Кооптуу вирус чиркейлер аркылуу тарашы мүмкүн
Чиркей чагып алуудан сак болуңуз! Коомдук саламаттыкты сактоо улуттук борбору эскертүү таратты. Анткени денге ысытмасынын жана Зика вирусунун сезону башталды. Кийинки эки жылдын ичинде эле мындай 300дөн ашык учур катталган. Бул башка эпидемияларга караганда азыраак кооптондурат окшойт. Бирок Саламат

Чиркей чагып алуудан сак болуңуз! Коомдук саламаттыкты сактоо улуттук борбору эскертүү таратты. Анткени денге ысытмасынын жана Зика вирусунун сезону башталды. Кийинки эки жылдын ичинде эле мындай 300дөн ашык учур катталган. Бул башка эпидемияларга караганда азыраак кооптондурат окшойт. Бирок Саламаттыкты сактоо уюму денге ысытмасын эң коркунучтуу 10 оорунун катарына кошконун белгилей кетүү керек. Адатта вирустун белгилери чиркей чаккандан кийин дароо байкалбаса да, бир жумадан кийин бейтаптын абалы начарлап, дене табы көтөрүлөт дешет дарыгерлер Жанна Эшмагамбетова, дарыгер: Демек, чиркей чагып, вирус жуктуруп алган бейтаптын абалы кандай? Дене табынын көтөрүлүшү менен бирге исиркектер байкалат. Дем алуу кыйындайт. Дене кысылышы мүмкүн. Дарыгерлердин айтымында, өзгөчө чет өлкөгө чыккандар этият болушу керек. Чиркей чакканын байкасаңыз, өзүңүздү алсыз сезсеңиз, ооруканага кайрылганыңыз оң. Дарылоо канчалык эрте башталса, оорудан ошончолук тез арылууга болот дешет адистер


