Маматалиев экс-спикерлер менен Жогорку Кеңештеги реформаларды талкуулады
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламентти ар кайсы жылдарда жетектеген экс-спикерлер менен жолугушуу өткөрдү. Ал кесиптештерине иш процесстерин санариптештирүүгө жана турак жай комплексинин стратегиялык пландарына көңүл буруп, учурдагы трансформациялар тууралуу айтып берди. Бул тууралу

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламентти ар кайсы жылдарда жетектеген экс-спикерлер менен жолугушуу өткөрдү. Ал кесиптештерине иш процесстерин санариптештирүүгө жана турак жай комплексинин стратегиялык пландарына көңүл буруп, учурдагы трансформациялар тууралуу айтып берди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди Жыйындын катышуучулары Жогорку Кеңештеги жана өлкөдөгү өзгөрүүлөргө оң баа беришти. Мурдагы жетекчилердин айтымында, азыр республикада экономикада жана мамлекеттик башкарууда туруктуу өсүш байкалууда Жыйындын соңунда Марлен Маматалиев экс-спикерлерге парламентаризмди өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүүгө кошкон салымы үчүн төш белгилерди тапшырды. Экс-жетекчилер спикердин ишине ийгиликтерди каалашты Кыргызстандагы негизги экономикалык жаңылыктарга көз салыңыз - Telegram жана WhatsApp тармактарындагы Economist.kg каналдарына жазылыңыз. Биз ошондой эле Facebook, Instagram, Threads жана X тармактарындабыз. Бизге кошулуңуз жана ар дайым эң маанилүү нерселерден кабардар болуңуз!


