Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Макрон G7 өлкөлөрү АКШ-Иран келишимин талкууларын билдирди

Франциянын президенти Эммануэл Макрон "Чоң жетиге" (G7) кирген өлкөлөрдүн лидерлери 15-июнда Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды токтотуу боюнча АКШ менен Ирандын ортосунда түзүлгөн жаңы келишимди жана Ормуз кысыгынын узак мөөнөткө ачылышын талкуулай турганын билдирди Макрондун айтымында, Франциянын Эвиан ш

0 көрүүazattyk.org
Макрон G7 өлкөлөрү АКШ-Иран келишимин талкууларын билдирди
Paylaş:

Франциянын президенти Эммануэл Макрон "Чоң жетиге" (G7) кирген өлкөлөрдүн лидерлери 15-июнда Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды токтотуу боюнча АКШ менен Ирандын ортосунда түзүлгөн жаңы келишимди жана Ормуз кысыгынын узак мөөнөткө ачылышын талкуулай турганын билдирди Макрондун айтымында, Франциянын Эвиан шаарында өтө турган G7 саммитинде келишимдин кесепеттери, Ливанга колдоо көрсөтүү, Ормуз кысыгы аркылуу деңиз каттамын калыбына келтирүү, Ирандын өзөктүк жана баллистикалык программалары боюнча макулдашууга жетишүү маселелери каралат Макрон АКШ менен Ирандын ортосунда жетишилген келишимди кубаттап, аны жаңжалдагы бардык тараптарды толук жана тез арада аткарууга чакырды Макрон X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө бул макулдашуу бир нече өнөктөш мамлекеттин катышуусундагы дипломатиялык аракеттердин жыйынтыгы экенин белгиледи "Бардык согушуп жаткан тараптарды аны тез жана толук ишке ашырууга чакырам", – деп жазды ал Франция лидери келишим Ормуз кысыгын чукул жана эч кандай шартсыз кайра ачууга мүмкүндүк бериши керектигин кошумчалады Анын сөзүнө караганда, Британия менен биргеликте түзүлгөн эл аралык миссия бул жараянды колдоого даяр "Бул үчүн зарыл бардык каражаттар даяр. Деңиз каттамдарынын эч кандай чектөөсүз жана төлөмсүз кайра жанданышы аймактык туруктуулук жана дүйнөлүк экономика үчүн өтө маанилүү шарт болуп саналат", – деди Макрон Макрон АКШ менен Ирандын ортосунда жетишилген келишимди кубаттап, аны жаңжалдагы бардык тараптарды толук жана тез арада аткарууга чакырды Макрон X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө бул макулдашуу бир нече өнөктөштүн катышуусундагы дипломатиялык аракеттердин жыйынтыгы экенин белгиледи "АКШ менен Ирандын ортосунда жетишилген келишимди кубаттайм. Бул – бир катар өнөктөштөр салым кошкон дипломатиялык аракеттердин натыйжасы. Бардык согушуп жаткан тараптарды аны тез жана толук ишке ашырууга чакырам", – деп жазды ал Франция лидери келишим Ормуз кысыгын чукул жана эч кандай шартсыз кайра ачууга мүмкүндүк бериши керектигин айтты АКШ президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттары менен Ирандын ортосунда тынчтык келишими түзүлгөнүн 14-июнда Truth Social социалдык тармагы аркылуу билдирген АКШ менен Израил Иранга каршы согушун февралдын аягында баштаган. Тегеран менен каршылашуунун активдүү учуру апрелге чейин болду, бирок андан кийин деле тараптар улам бирине сокку уруп жатты Иран Ормуз кысыгын марттын башында кемелер үчүн жапкан

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler