Венгрияда аз камсыз болгон үй-бүлөлөр бүтпөгөн долбоорлор үчүн миллиондогон форинттерди кайтарып берүүнү талап кылышы мүмкүн
Венгриянын 100 пайыз мамлекет тарабынан каржыланган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн күн программасы олуттуу көйгөйлөргө туш болууда АЗЕРТА, жергиликтуу массалык информация каражаттарынын бил-дируусуне Караганда, долбоорлордун бутпей калгандыгынан улам жакынкы кундерде мицдеген уй-булелер миллионд

Венгриянын 100 пайыз мамлекет тарабынан каржыланган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн күн программасы олуттуу көйгөйлөргө туш болууда АЗЕРТА, жергиликтуу массалык информация каражаттарынын бил-дируусуне Караганда, долбоорлордун бутпей калгандыгынан улам жакынкы кундерде мицдеген уй-булелер миллиондогон форинттик каражаттарды кайтарып алуу коркунучуна дуушар болушу мумкун Кеп аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 2021-жылы башталган күн панелин жана жылытуу системасын электрлештирүү программасы жөнүндө болуп жатат. Көптөгөн долбоорлор бүтпөй калды: айрым үйлөрдө панелдер орнотулганы менен, батареялар, жылуулук насостору алиге чейин жеткириле элек. Ушул себептен долбоорлорду расмий түрдө жабууга болбойт Венгриянын Күн энергиясы жана күн коллекторлор ассоциациясынын вице-президенти Ласло Силагинин айтымында, көйгөйдүн негизги себеби убакыттын аздыгы эмес, көп жылдардан бери чечилбей келе жаткан каржы маселеси жана административдик кыйынчылыктар. Анын айтымында, айрым подрядчик компаниялар мамлекеттик төлөмдөр кечиктирилип, каржылык кризиске учурап, жумуштарды бүтүрө албай жатышат Адистер кырдаалга тез арада кийлигишпесе бейкүнөө үй-бүлөлөр мамлекеттик колдоонун бир бөлүгүн төлөп берүүгө аргасыз болушу мүмкүн экенин эскертишүүдө 2026 © AZERTAC. Автордук укук корголгон. Маалыматты колдонуу гипершилтеме менен көрсөтүлүшү керек


