Улуу Британияда балдарга социалдык тармактарды колдонууга тыюу салынган
Улуу Британиянын өкмөтү 16 жашка чейинки балдарга социалдык тармактарды колдонууга тыюу салат. Жаңы эрежелер бардык популярдуу платформаларды камтышы мүмкүн. Чектөөлөр качан күчүнө кирет жана ага коомчулук кандай көз карашта? Туманды Альбиондон кабарчыбыз Марина Бекенова улантат Жаңы эреже 2027-жыл

Улуу Британиянын өкмөтү 16 жашка чейинки балдарга социалдык тармактарды колдонууга тыюу салат. Жаңы эрежелер бардык популярдуу платформаларды камтышы мүмкүн. Чектөөлөр качан күчүнө кирет жана ага коомчулук кандай көз карашта? Туманды Альбиондон кабарчыбыз Марина Бекенова улантат Жаңы эреже 2027-жылдын жазында күчүнө кирет жана TikTok, YouTube, Instagram жана Facebook сыяктуу социалдык тармактарды чектейт. Ошондой эле 16 жашка чейинки балдарга онлайн оюндарды ойноого, түз эфирге чыгууга жана бейтааныш адамдар менен онлайн баарлашууга тыюу салынат. Бирок WhatsApp сыяктуу билдирүүлөрдү колдонууга тыюу салынган эмес Кир Стармер, Улуу Британиянын премьер-министри: Чечим кабыл алынганга чейин бийлик эл менен кеңешкен. Сурамжылоого катышкан ата-энелердин 83 пайыздан ашыгы социалдык тармактардын зыяны пайдасынан жогору экенин айтышкан. Өспүрүмдөр эки ойлуу. Бири бийлик кийлигише турган иш эмес десе, экинчиси акыл-эсти ууланткан мазмундан тажадык дейт Джоэл Азебазе, студент: Мындан алты ай мурун Австралияда да ушундай чектөөлөр киргизилген Марина Бекенова, кабарчы:


