Трамп менен Зеленский G7 саммитинде жолугушту
Азыр дүйнөдөн кээ бир жаңылыктар. Акыркы айларда Иран согушунун көлөкөсүндө калган Украинадагы куралдуу кагылышуу кайрадан дүйнөлүк саясаттын күн тартибине кирди. Украинанын президенти Владимир Зеленский менен АКШнын президенти Дональд Трамп Франциянын Эвиан шаарында өткөн G7 саммитинде жолугушту

Азыр дүйнөдөн кээ бир жаңылыктар. Акыркы айларда Иран согушунун көлөкөсүндө калган Украинадагы куралдуу кагылышуу кайрадан дүйнөлүк саясаттын күн тартибине кирди. Украинанын президенти Владимир Зеленский менен АКШнын президенти Дональд Трамп Франциянын Эвиан шаарында өткөн G7 саммитинде жолугушту Бул жолугушуудан кийин АКШ президенти билдирүү жасап, Зеленский менен жакшы сүйлөшкөнүн айтып, Орусияны Украина менен тынчтык келишимин түзүүгө чакырды Дональд Трамп, Америка Кошмо Штаттарынын президенти: "Рейтер" агенттигинин маалыматына караганда, Киев күчтөрү фронтто артыкчылык көрсөтүп жатканынан пайдаланып, Зеленский жана европалык лидерлер Трамп менен Украинаны колдоону күчөтүү боюнча макулдашты. Ал эми АКШ президенти Орусия-Украина согушун токтотуу үчүн колунан келгендин баарын жасоону убада кылды Трамп дагы бир сөзүндө АКШ-Иран келишимине кол коюлганын жарыялады. Бирок документ жума күнү Женевада расмий түрдө бекитилет


