Чоң Алматы көлүнүн айланасы таштандылардан тазаланды
“Таза Казакстан” акциясынын алкагында Чоң Алматы көлүнүн аймагында масштабдуу тазалоо иштери жүргүзүлдү. Иш-чараны Ионосфера институту менен Иле-Алатау мамлекеттик улуттук жаратылыш паркы биргелешип уюштурган. Жыл башынан бери улуттук парктын аймагынан 300 тоннадан ашык таштанды чыгарылды. Адистерди

“Таза Казакстан” акциясынын алкагында Чоң Алматы көлүнүн аймагында масштабдуу тазалоо иштери жүргүзүлдү. Иш-чараны Ионосфера институту менен Иле-Алатау мамлекеттик улуттук жаратылыш паркы биргелешип уюштурган. Жыл башынан бери улуттук парктын аймагынан 300 тоннадан ашык таштанды чыгарылды. Адистердин айтымында, жаратылышты коргоо иштерине ыктыярчылар да активдүү катышууда. Чоң Алматы көлү аймактагы эң маанилүү жаратылыш объектилеринин бири болуп саналат. Ошондуктан анын экосистемасынын сакталышы жана тазалыгы негизги милдеттердин бири. Бүгүнкү күндө аймак таштандылардан тазаланып, таштандылар иргелди. Мындан тышкары ыктыярчылар келгендерге жаратылышты коргоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Мындай иш-чаралар экологиялык маданияттын калыптанышына өбөлгө түзөт дешет уюштуруучулар


