Ливанда ок атышпоодон кийин каза болгондордун саны 254кө жетти
Шаршемби күнү АКШ менен Ирандын ортосунда ок атышпоо келишимине жетишилгенден бери Ливанда Израилдин кол салууларынан кеминде 254 киши набыт болуп, дагы 1165 киши жараланды Бул тууралуу “Репорт” “Аль-Жазирага” шилтеме берүү менен Жарандык коргонуу департаментинин маалыматында айтылат Буга чейин

Шаршемби күнү АКШ менен Ирандын ортосунда ок атышпоо келишимине жетишилгенден бери Ливанда Израилдин кол салууларынан кеминде 254 киши набыт болуп, дагы 1165 киши жараланды Бул тууралуу “Репорт” “Аль-Жазирага” шилтеме берүү менен Жарандык коргонуу департаментинин маалыматында айтылат Буга чейин 112 адам каза болуп, 837 адам жаракат алганы айтылган Саламаттыкты сактоо министри Ракан Насреддин Израил өлкө боюнча "100дөн ашуун аба соккусун" баштагандан кийин Ливан "коркунучтуу эскалацияга" туш болгонун айтты "Тез жардам унаалары жабыркагандарды ооруканаларга жеткирүүнү улантууда. Биз эл аралык уюмдарды Ливандын саламаттык сактоо тармагына жардам берүүгө чакырабыз", - деди Насреддин Аль-Жазирага берген маегинде Эске сала кетсек, Иран, АКШ жана алардын союздаштары 2026-жылдын 8-апрелине караган түнү эки жумалык ок атышпоо тууралуу макулдашкан. Иран бул мезгилде Ирандын Куралдуу күчтөрү менен координацияланып жана техникалык чектөөлөрдү эске алуу менен Ормуз кысыгы аркылуу коопсуз өтүү камсыздала турганын билдирген Израиль азыркы ок атышпоо чечими Ливанга тиешелүү эмес деген негизде Ливанга сокку урду. Кийинчерээк Иран парламентинин спикери Мохаммад Багер Галибаф Ливандагы ок атышууну токтотуу пландын биринчи шарты экенин билдирди Аларды колдонууда сайттагы материалдарга кайрылуу маанилүү. Веб-баракчаларда маалымат колдонулганда, гипершилтеме менен шилтеме милдеттүү болуп саналат
.webp&w=2048&q=70)

