Ливандын премьер-министри: Биз Израил менен тынчтыкты колдойбуз, бирок алгач биздин талаптар аткарылышы керек
Биз Израил менен тынчтыкты колдойбуз, бирок алгач биздин талаптар аткарылышы керек Бул тууралуу Ливандын премьер-министри Наваф Салам “Аль Арабия” телеканалына берген маегинде билдирди "Биз тынчтыкты колдойбуз, бирок бул тынчтык үчүн шарттар бар. Бул кийинки баскычта биз жете турган маселе", - де

Биз Израил менен тынчтыкты колдойбуз, бирок алгач биздин талаптар аткарылышы керек Бул тууралуу Ливандын премьер-министри Наваф Салам “Аль Арабия” телеканалына берген маегинде билдирди "Биз тынчтыкты колдойбуз, бирок бул тынчтык үчүн шарттар бар. Бул кийинки баскычта биз жете турган маселе", - деди Наваф Салам Израил менен сүйлөшүүлөр ок атышпоо же тынчтык келишимине багытталганбы деген суроого жооп берип жатып Ал белгилегендей, учурда Ливан Вашингтондо Израил менен алдын ала сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат жана максат кеңири сүйлөшүүлөргө даярдануу Премьер-министрдин айтымында, Ливандын негизги талаптары ок атышууну токтотууга жетишүү, Израилдин аскерлерин Ливандан толук чыгарып кетүү, согуштун жүрүшүндө кармалган ливандыктарды Израилдин түрмөлөрүнөн бошотуу болуп саналат "Ливандын талаптары аткарылгандан кийин биз тынчтык шарттарын кеңири алкакта талкуулоого ачыкпыз, анткени мунун араб мамлекеттери үчүн кесепеттери бар", - деп белгиледи премьер-министр


