Чемпиондор Лигасы: ПСЖ Ливерпульду жеңди, Барселонада Атлетико утту
Шаршемби күнү Чемпиондор Лигасынын дагы эки чейрек финалы өттү Парижде «ПСЖ» «Ливерпульду» 2:0 эсебинде утуп алды. ПСЖнын чабуулчусу Дезире Духет 11-мүнөттө эсепти ачты. Экинчи голду 65-мүнөттө Хвича Кварацхелия киргизди Дагы бир беттеште "Барселона" өз үйүндө "Атлетико Мадридке" ушундай эле эсеп

Шаршемби күнү Чемпиондор Лигасынын дагы эки чейрек финалы өттү Парижде «ПСЖ» «Ливерпульду» 2:0 эсебинде утуп алды. ПСЖнын чабуулчусу Дезире Духет 11-мүнөттө эсепти ачты. Экинчи голду 65-мүнөттө Хвича Кварацхелия киргизди Дагы бир беттеште "Барселона" өз үйүндө "Атлетико Мадридке" ушундай эле эсеп менен утулуп калды. 44-мүнөттө "Барселонанын" коргоочусу Пау Кубарси кызыл айып кагазын алды. Бир мүнөттөн кийин мадриддик чабуулчу Жулиан Альварес эсепти ачты. Ал эми 70-мүнөттө «Атлетико» клубунун чабуулчусу Александр Серлот коноктордун айырмасын эки эсеге арттырды Бул жуптардагы жооптук оюндар 14-апрелде өтөт Эске сала кетсек, кечээ "Бавария" "Реалды" жеңип (2:1), ал эми "Спортинг" өз үйүндө "Арсеналга" утулуп калган - 0:1


