Чемпиондор Лигасы: Бавария Реал Мадридди жеңди, Арсенал Лиссабондо утту
Бүгүн Чемпиондор Лигасынын чейрек финалынын алгачкы эки беттеши орун алды Мадридде "Реал" "Баварияны" кабыл алып, 1:2 эсебинде утулуп калды 41-мүнөттө Луис Диас мюнхендиктерди алдыга чыгарды. 46-мүнөттө Гарри Кейн германиялыктардын эсебин эки эсеге арттырды. 74-мүнөттө Килиан Мбаппе "Лос Бланкосту

Бүгүн Чемпиондор Лигасынын чейрек финалынын алгачкы эки беттеши орун алды Мадридде "Реал" "Баварияны" кабыл алып, 1:2 эсебинде утулуп калды 41-мүнөттө Луис Диас мюнхендиктерди алдыга чыгарды. 46-мүнөттө Гарри Кейн германиялыктардын эсебин эки эсеге арттырды. 74-мүнөттө Килиан Мбаппе "Лос Бланкостун" бир тобун артка тартты Ал эми Лиссабондо «Спортинг» кошумча убакытта гол өткөрүп, «Арсеналга» жеңилип калды - 0:1. Жалгыз голду Кай Хаверц киргизди Бул жуптардагы жооптук беттештер 15-апрелде өтөт Ал эми шаршемби күнү калган эки чейрек финал ойнойт: Барселона - Атлетико Мадрид жана ПСЖ - Ливерпуль


.webp&w=2048&q=70)