Нөшөр Москваны шал кылды
Москвада нөшөрлөгөн жамгыр жаады Акыркы күндөрү абанын температурасы 30 градустан ашкан Орусиянын баш калаасында күтүүсүздөн башталган нөшөрлөгөн жамгыр шаарда олуттуу көйгөйлөрдү жаратты, деп маалымдайт Modern.az Нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен шаардын борборундагы Кутузов проспектисин суу

Москвада нөшөрлөгөн жамгыр жаады Акыркы күндөрү абанын температурасы 30 градустан ашкан Орусиянын баш калаасында күтүүсүздөн башталган нөшөрлөгөн жамгыр шаарда олуттуу көйгөйлөрдү жаратты, деп маалымдайт Modern.az Нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен шаардын борборундагы Кутузов проспектисин суу каптады Мындан улам көптөгөн унаалар жолдордо кыймылсыз болуп, айрым соода борборлорун да суу каптады Шаардын ар кайсы аймактарында жол кыймылында олуттуу кыйынчылыктар жаралган Чагылган жана жамгыр менен коштолгон жагымсыз аба ырайына байланыштуу Москва шаарында жана Москва облусунда кызгылт сары коркунучтун деңгээли жарыяланды Жамгырдан келтирилген зыянды жоюу үчүн 300 бригада, 290 техника мобилизацияланып, шаардын көчөлөрүндө тейлөөгө тартылды Москва шаарынын кызматтары күчөтүлгөн иш режимине өтүп, пайда болгон көйгөйлөрдү четтетүү боюнча чараларды көрүүнү улантууда


