Левандовски "Барселонадан" кетет
"Барселонанын" польшалык чабуулчусу Роберт Левандовски сезондун аягында командадан кетет Бул тууралуу Польшанын «Мечзыки» басылмасы жазып чыкты Маалыматка ылайык, 37 жаштагы футболчу 17-майда Ла Лиганын 37-турунда "Бетиске" каршы беттеште күйөрмандар менен коштошот - сезондун акыркы өз үйүндө Ма

"Барселонанын" польшалык чабуулчусу Роберт Левандовски сезондун аягында командадан кетет Бул тууралуу Польшанын «Мечзыки» басылмасы жазып чыкты Маалыматка ылайык, 37 жаштагы футболчу 17-майда Ла Лиганын 37-турунда "Бетиске" каршы беттеште күйөрмандар менен коштошот - сезондун акыркы өз үйүндө Маалым болгондой, Левандовскинин карьерасын улантуудагы негизги варианты Сауд Аравиясы. Футболчу үчүн убакыт алкагы, Европага жакындыгы жана климаттык факторлор маанилүү. Чабуулчуга АКШнын өкүлү "Микаго Файр" кызыкдар болгону менен, бул вариант приоритет катары каралбайт Кошумчалай кетсек, польшалык форвардды португалиялык "Порту" клубу да өткөрүүнү каалаган. Бирок Левандовски учурда Жакынкы Чыгыш вариантын артык көрүп жатканы баса белгиленди Белгиленгендей, "Барселона" тажрыйбалуу чабуулчуга жаңы келишим сунуштаганы менен, футболчу анын командадагы ролу мурдагыдай маанилүү эмес деп ойлоп, сунушту кабыл албай койгон Белгилей кетсек, Роберт Левандовски "Барселонанын" формасын 2022-жылдан тарта кийет. Анын каталондук клуб менен келишими ушул сезондун аягына чейин иштейт. Бул сезондо ал бардык мелдештерде 43 беттешке чыгып, 18 гол киргизип, 2 ассист берген


