Бишкекте ачык асман алдындагы концерттердин жайкы сезону башталат -
Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун жайкы сезондо борбордук Ала-Тоо аянтында өтө турган ачык асман алдындагы музыкалык кечелердин сериясына чакырат Муниципалитеттин маалыматы боюнча, ар жума жана ишемби күндөрү Ала-Тоо аянтындагы фонтан топторунун жанында Кыргызстан

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун жайкы сезондо борбордук Ала-Тоо аянтында өтө турган ачык асман алдындагы музыкалык кечелердин сериясына чакырат Муниципалитеттин маалыматы боюнча, ар жума жана ишемби күндөрү Ала-Тоо аянтындагы фонтан топторунун жанында Кыргызстандын бай музыкалык жана маданий мурасын чагылдырган белгилүү чыгармачыл топтордун катышуусунда концерттик программалар уюштурулуп турат Биринчи музыкалык кече бүгүн саат 19.00дө болот. «Кыргыз-руху» эстрадалык-фольклордук ансамбли көрүүчүлөр алдында улуттук музыкалык салттарды жана заманбап сахналык чечимдерди айкалыштырган жаркын концерттик программа тартуулайт Программанын уландысы 6-июнда саат 19.00дө Ала-Тоо аянтында «Семетей» ансамблинин концерти болот Ачык асман алдындагы музыкалык кечелер борбор калаанын жарандары жана коноктору үчүн үй-бүлөсү жана достору менен убакыт өткөрүүгө, жандуу музыкадан ырахат алууга жана чыгармачылыктын жана маданий биримдиктин атмосферасына сүңгүүгө сонун мүмкүнчүлүк болот


