Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Дүйнөлүк жаңылыктарга сереп салуу

Кытай президентинин Түндүк Кореяга эки күндүк сапары бүгүн башталды. Пхеньянга жети жылдан бери биринчи жолу барган Си Цзиньпин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Айрым серепчилердин пикири боюнча, бул сапардын түпкү максаты – акыркы мезгилде Орусия менен мамилесин бекемд

0 көрүүqazaqstan.tv
Дүйнөлүк жаңылыктарга сереп салуу
Paylaş:

Кытай президентинин Түндүк Кореяга эки күндүк сапары бүгүн башталды. Пхеньянга жети жылдан бери биринчи жолу барган Си Цзиньпин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Айрым серепчилердин пикири боюнча, бул сапардын түпкү максаты – акыркы мезгилде Орусия менен мамилесин бекемдеген социалисттик өлкөгө Пекиндин таасирин кайтарып алуу АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен Израил ок атышууну токтоосуз токтотууга умтулуп жатканын билдирди. Белгилей кетсек, эки өлкө апрель айынан бери биринчи жолу бири-бирине ракеталык сокку урган. Натыйжада дүйнөлүк базарда мунайдын баасы дароо 5 пайызга өсүп, 97 доллардан ашты Филиппиндердин Минданао аралында болгон 7,8 баллдык жер титирөөдөн каза болгондордун саны 32ге жетти, дагы 200дөн ашуун адам жаракат алды. Кыйратуучу жер титирөөдөн улам Индонезия, Малайзия жана Японияда цунами коркунучу жарыяланды Япониянын Уцуномия шаарында 94 мектеп убактылуу жабылды. Анткени бул конушка аюу биринчи жолу киргени белгилүү. «NH-kei» телекомпаниясынын маалыматына караганда, быйылкы жылдын апрелинен бери Япониянын 47 префектурасынын тогузунда аюулар 4 адамды өлтүрүп, 21 адамды жарадар кылышкан

Kaynak: qazaqstan.tv

Diğer Haberler