Өзбекстан менен Кыргызстандын лидерлери практикалык кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты
Өзбекстандын Президенти Кыргыз Республикасынын Президентин жана боордош элин өлкөнүн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мөөнөткө туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен кызуу жана чын жүрөктөн куттуктады Өзбекстандын лидери Кыргызстандын бул жеңиши өлкөнүн жигердүү тышкы саясатын эл аралык коомчулук т

Өзбекстандын Президенти Кыргыз Республикасынын Президентин жана боордош элин өлкөнүн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мөөнөткө туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен кызуу жана чын жүрөктөн куттуктады Өзбекстандын лидери Кыргызстандын бул жеңиши өлкөнүн жигердүү тышкы саясатын эл аралык коомчулук тарабынан жогору баалагандыгынын жана анын аймактык стабилдүүлүк менен коопсуздукка кошкон зор салымынын ачык далили экенин баса белгиледи Эл аралык платформаларда бири-бирин тыгыз координациялоону жана колдоону улантууга өз ара даярдыгы ырасталды Баарлашуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы достуктун, жакшы коңшулаштыктын жана стратегиялык өнөктөштүктүн азыркы жогорку деңгээлин терең канааттануу менен белгилешти Жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын жүрүшүндө биринчи кезекте экономика, транспорт жана энергетика, ошондой эле маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду Лидерлер ошондой эле алдыдагы жогорку деңгээлдеги иш-чаралардын графигин карап чыгышты


