Аль-Фарабидеги жол кырсыгы: Айыпталуучунун досторуна кылмыш иши козголду
Алматы шаарындагы Аль-Фараби проспектисинде болгон жол кырсыгына байланыштуу ишти иликтөөдө айыпталуучунун төрт досуна кылмыш иши козголду. Алар тергөөдө жалган көрсөтмө берип, айдоочунун кырсыкка чейин ичимдик ичкенин жашырууга аракет кылышкан. Бул тууралуу адвокат Мейрман Шекеев билдирди. Мындан т

Алматы шаарындагы Аль-Фараби проспектисинде болгон жол кырсыгына байланыштуу ишти иликтөөдө айыпталуучунун төрт досуна кылмыш иши козголду. Алар тергөөдө жалган көрсөтмө берип, айдоочунун кырсыкка чейин ичимдик ичкенин жашырууга аракет кылышкан. Бул тууралуу адвокат Мейрман Шекеев билдирди. Мындан тышкары, милиция кызматкерине кызматтык шалаакылыгы боюнча иш козголгон. Ал айыпталуучу менен бир жолугушууда болуп, мас абалындагы досуна унааны айдап кетүүгө уруксат берген Эске сала кетсек, 21-мартта Аль-Фараби проспектисинде Зеекрдин унаасы каршы тилкеге чыгып, Мерседес үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Натыйжада үч адам каза болгон


