Аль-Фараби кырсыгы: Жабырлануучу тараптын бири соттолуучуну кечирди
Алматынын Аль-Фараби проспектисинде үч адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча сот отурумунда каза болгон дагы бир кыздын үй-бүлөсү соттолуучуну кечиргенин билдирди. Жабырлануучу тарап айыпталуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, материалдык жана моралдык чыгымды төлөп бергенин айтып, шарттуу түр

Алматынын Аль-Фараби проспектисинде үч адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча сот отурумунда каза болгон дагы бир кыздын үй-бүлөсү соттолуучуну кечиргенин билдирди. Жабырлануучу тарап айыпталуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, материалдык жана моралдык чыгымды төлөп бергенин айтып, шарттуу түрдө эркинен ажыратууну суранды. Бүгүнкү отурумда прокурор бул иш боюнча негизги экспертизалардын жыйынтыгын жарыялады. Тергөөнүн версиясы боюнча, Zeekr унаасынын айдоочусу спирт ичимдиктерин ичип рулга отурган. Ошондой эле, унаанын мамлекеттик номуру каттоо документтериндеги маалыматтарга дал келбегендиги аныкталган. Ал эми кагылышуунун алдында ал унааны саатына 219 чакырым ылдамдыкта айдаганы белгилүү болгон Эске сала кетсек, айыпталуучу Аль-Фараби проспектисинде ылдамдыкты ашыра айдап, каршы тарапка кеткен. «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа бетме-бет сүзүшүп, анын кесепетинен үч адам ошол жерден каза болгон. Үчүнчү маркумдун жакындары азырынча өз позициясын билдире элек. Соттук териштирүүлөр уланууда


