Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Кызыл китепке кирген жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн тизмеси жаңыртылат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигиУлуттук илимдер академиясы менен биргеликте Кызыл китепке кирген жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн тизмеси жаңыртыла турганын билдирди Анын алкагында Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары эки жылда Кыргызстандын бардык аймактары

0 көрүүazattyk.org
Кызыл китепке кирген жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн тизмеси жаңыртылат
Paylaş:

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигиУлуттук илимдер академиясы менен биргеликте Кызыл китепке кирген жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн тизмеси жаңыртыла турганын билдирди Анын алкагында Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары эки жылда Кыргызстандын бардык аймактарында изилдөөлөрдү жүргүзөт. Ага баш-аягы21 миллион сомго жакын каражат кетет деп эсептелген Эки жылдык иштин жыйынтыгында окумуштуулар министрликке Кызыл китептин жаңы басылышына негиз болгон илимий базаны берет Ушул тапта Кыргызстандын Кызыл китебине жоголуп бараткан жанажоголуу коркунучунда делген куштун 57 түрү, 23 сүт эмүүчү, балыктын 7 түрү, курт-кумурсканын 18 түрү жана өсүмдүктөрдүн, козу карындын 89 түрү кирет Өлкөдө Кызыл китепке кирген жаныбарларды аткандарга айып пул салынат.Ак илбирске аңчылык кылгандар 2 миллион сом, аркар-кулжа, марал, күрөң аюу, жейренди аткандар 1 миллион 500 миң сом, кызыл карышкыр, мадыл, сүлөөсүнгө аңчылык кылгандар 50 миң сом айыпка жыгылат. (BTo)

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler