Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Кызыл аянтта Орусиянын күнүнө арналган концерт өтпөй турган болду

12-июнда Орусиянын күнүнө байланыштуу Москванын Кызыл аянтында майрамдык концерт болбойт. Концерт 2003-жылдан бери жыл сайын ушул күнү өтүп турчу Алгач ал өтөрү жарыяланып, кийин башка жерге жылганын Msk1 жазып чыкты 2003-жылдын 12-июнунда өлкөнүн мамлекеттик эгемендиги тууралуу декларация кабыл а

0 көрүүazattyk.org
Кызыл аянтта Орусиянын күнүнө арналган концерт өтпөй турган болду
Paylaş:

12-июнда Орусиянын күнүнө байланыштуу Москванын Кызыл аянтында майрамдык концерт болбойт. Концерт 2003-жылдан бери жыл сайын ушул күнү өтүп турчу Алгач ал өтөрү жарыяланып, кийин башка жерге жылганын Msk1 жазып чыкты 2003-жылдын 12-июнунда өлкөнүн мамлекеттик эгемендиги тууралуу декларация кабыл алынган күн "Орусиянын күнү" деп расмий өзгөртүлгөн Msk1 билдиргендей, Кызыл аянтта "Орусиянын күчү эл биримдигинде" деп аталган концерт болору тууралуу ырчы Надежда Бабкинанын командасы жарнамалап жаткан Концерт тууралуу SHAMANды колдогон пабликтер да жарыялашкан. Маалыматка караганда, быйыл майрамдык иш-чарада Бабкина, SHAMAN, Лариса Долина, Татьяна Куртукова, Олег Газманов, Григорий Лепс, Александр Буйнов жана мамлекеттик ансамблдер катышат Концертти "Моссовет" маданий борборунда өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынганы кабарланды. Ошол эле маалда "Россия 1" телеканалы 12-июндагы концертти "ЦСКА Аренадан" түз алып көрсөтөрүн жар салды Иш-чара Кызыл аянтта эмнеге өтпөй калганы кабарланган жок Буга чейин 9-май - Жеңиш күнүнө арналган парад күнү Украинанын дрон чабуулдары болот деген коркунучтар чыккан Мурдагы жылдарга салыштырмалуу быйыл параддын мөөнөтү кыскарып, аскердик техникасыз өткөн. Анын алдында АКШнын ортомчулугу менен тараптар үч күндүк элдешүү тууралуу макулдашкан, украин президенти Владимир Зеленский "парадды өткөрүүгө уруксат берген" жарлыкка кол койгон Ушул аптада Кызыл аянтта китеп фестивалы өттү

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler